<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Cm</key>
<hymn_number>359</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.   Cm                 G     Cm
 Ушул тойго берсин Кудай батасын,
.Bb                   Eb
 Чакыралы бул ааламдын Атасын.
.    Cm           G       Cm
 Кубанып да, сүйүнүп да тосолу,
.     Bb                   Eb
 Арабызда кайгы-капа болбосун.
.  Fm             Bb       Eb
 Бактылуу болсун уул-кызы деп,
.  Cm           Fm  G     Cm
 Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге.

[V2]
 Кудайымдын эрки менен жүрүүгө,
 Түбөлүккө бирге өмүр сүрүүгө
 Жакын болуп, жардам берсин Теңирим,
 Жарык кылып арасында элимдин.
 Бактылуу болсун уул-кызы деп,
 Сураналы бүгүн Кудайдан бирге.

[V3]
 Тоюңарга той улансын алдыда,
 Ортоңордо болсун сүйүү дайыма.
 Келечекте эрки болуп Теңирдин,
 Учуп чыксын колуңардан наристе.
 Ыймандуу болсун уул-кызы деп,
 Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге.

[V4]
 Ишенимдүү бир-бириңе болууга
 Акыл берсин үй-бүлөлүк турмушта.
 Зор сүйүүңдү баалап Сенин, Теңирим,
 Жүрсүн алар Өзүңдүн ак жолуңда.
 Ыймандуу болуп биздин эки жаш,
 Ынтымактуу өмүр сүрсүн дайыма.</lyrics>
<title>Ушул тойго берсин Кудай батасын РЫЖ359</title>
</song>